Эксперт: Нарын брюссель капустасын өстүрүүгө абдан ыңгайлуу

Ишкер эксперимент үчүн өлкөнүн эң суук аймагына брюссель капустасын өстүрүп көрүүнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Нарын облусу брюссель капустасын өстүрүүгө абдан ыңгайлуу, жашылча регионго экономикалык пайда алып келет. Бул тууралуу "Кыргызцентрпродукт" ЖЧКсынын директору Манас Белошаров "Агродиалог-2024" форумунда билдирди.
Анын айтымында, брюссель капустасы негизинен аба ырайы катаал Бельгияда гана өстүрүлөт. Жашылча 5-6 айда бышат.
"Бул жашылчаны өстүрүүгө Нарын облусу абдан ыңгайлуу. Бельгиядан башка жерде дээрлик айдалбайт. Эгер Айыл чарба министрлиги фермерлер менен биргеликте эксперимент кылып өстүрүп көрсө, келечекте регионго чоң экономикалык пайда алып келмек", — деди Белошаров.
Кыргызстандан 50 миң тонна кумшекер экспорттоо пландалууда