Кыргызстандык эркектердин теңинен көбү айылда жашайт. Статкомдун маалыматы

Өлкөдөгү эркектер калктын жалпы санынын 49,5 пайызын түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 2024-жылдын башына карата Кыргызстанда жашаган эркектердин саны 3,5 миллион адамды түзөт. Бул республикадагы калктын жалпы санынын 49,5 пайызы экенин Улутту статистика комитети билдирди.
Кыргызстандык эркектердин үчтөн эки бөлүгү айыл жергесинде жашаса, ар бир алтынчы мырза Бишкек шаарынын тургуну экени айтылган.
Ошондой эле өлкөдөгү мырзалардын 77 пайызы эмгекке жарамдуу куракта. Кыргызстанда курулуш, транспорт, жүктөрдү сактоо, электр энергиясы, газ жана буу, пайдалуу кендерди казуу сыяктуу тармактар "эркектер гана" эмгектенген багыттар болуп саналат.
Кыргызстандык эркектер канча жашында үйлөнөт? Статистика