Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ФСБ адамды ууландыра турган зат менен жасалчу терактыны алдын алды

Sputnik
Украинанын атайын кызматы адамды ууландыра турган BZ затын колдонуу менен Запорожье облусунда теракт кылууну пландаган.
Бул туурасына ФСБга шилтеме кылып жазган Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы видео жарыялады.
Аталган иш боюнча Украинанын үч жараны кармалды. Алардын жашаган жеринен АКШ өндүрүшүнөн чыккан, химиялык курал жасай турган заттар табылган. Видеодон "Биоспорин" этикети бар флакондорду көрүүгө болот. Ал эми кармалгандардын бири сактап жүргөн жарылгыч заттар туурасында айтып берген.
Ачык маалыматтарга таянсак, BZ заты кишинин акылын тумандатып, ориентациясын бузат, эс тутумун начарлатып, галлюцинацияга кабылтат.
Тема боюнча:
Украина күчтөрү жогорку кызматтагы россиялык офицерди жардырууну пландаган