Бишкектеги үч конушта суу өчүрүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. 29-февраль күнү Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу жок болорун мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, таза суу саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарында өчүрүлөт.
"Бул күнү "Ак-Жар", "Ак-Бата" суу топтомолору жана шаардык суу түтүк тармактары оңдолмокчу", — деп айтылат маалыматта.
"Бишкек суу канал" башкармалыгы ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, ичүүчү сууну эртелеп камдап алууну суранды.
Бишкекте бир айда 120 маршрутка линиядан чыгарылып, ордуна автобус кирет