Пресс-борбор

Кол жетпей жатат. Алтайлык жазуучу кыргызстандыктарды Сибирге жумушка чакырды

Түркологдун айтымында, Алтайда өзгөчө айыл чарба тармагында вакансия көбөйүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Сибирде жумушчулар жетишсиз болууда. Бул тууралуу Алтай Республикасынын эл жазуучусу, Россиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, чыгыш таануучу, алтай түркологу Бронтой Бедюров Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Алтай Республикасынын эл жазуучусу, Россиянын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, чыгыш таануучу, алтай түркологу Бронтой Бедюров
Анын айтымында, Алтайда өзгөчө айыл чарба тармагында вакансия көбөйүп кетти.
"Алтай, Красноярск крайларында жана Хакасияда айыл жерлеринде калктын саны азайды. Кыргызстандыктар бул жактарга барып, ижарага чарба алып иштетсе болот. Мал багып, жер иштете алат", — деген Бедюров.
Азыркы тапта Россияда бир миллиондон ашык кыргызстандык эмгектенет.
Кыргызстанда быйыл миңдеген киши жумуш менен камсыз болору айтылды