"Пилди да алып киришмек". Акылбек Жапаров тойлордогу жоруктарды сындады

Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында сүйлөп жатып Кыргызстандагы тойлорду бир түрдүү кылып өткөрүүгө чакырды.
Минкаб башчысы тойдо жосунсуз жоруктар көбөйгөнүн белгилеген.
"Бала кайда төрөлсө да каада-салттын баарын бирдей кылып берсеңиз. Тушоо кесүү болобу, келин алуу, кыз узатуубу, баары бирдей өткөрүлсө. Тамадалар тойлорду каалагандай кылып, ар бир үй-бүлө аң-сезимине, деңгээлине жараша өткөрөт. Тойкананын ичине ат алып кирип атышат, пил болсо аны деле алып кирмек. Сиздерден өтүнүч, ушул каада-салттын баарын иреттеп берсеңиздер", — деди өкмөт башчы.
Коллегиялык жыйында маданият министрлигинин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата актуалдуу милдеттери талкууланган.
Акча юбилей, тойго кетти деген болбосун! Жапаров облус башчыларын чогултту