Акылбек Жапаров: кайната-кайненени сыйлабаган келиндерди үлгү кылбаш керек

Минкаб төрагасы маданият тармагында жасалып жаткан жакшы иштерди көрсөтүш керектигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында сүйлөп жатып кыргыздын үрп-адат, каада-салтына туура келбеген маалыматтарга чектөө киргизип, мониторинг жүргүзүү керектигин билдирди.
Ал орун басары Эдил Байсаловго Мониторинг борбору боюнча маселени чечүүнү тапшырды.
"Кайната-кайнени сыйлабаган келинди, соцтармакка чыгып алып атасынын кадыр-баркы менен мактанып, бөлөк бирөөнүн үйүнө барып келин болуп, кызмат өтөп, байбиче болгондун ордуна ажырашып кеткендерди үлгү катары көрбөшүбүз керек. Алардын баары соцтармакка чыкканы уят. Аталарыбыз, кайнаталар "шортычан жүрбөгүлө" деп үйрөтчү. Ошол сыңары, келиндер да жоолукту чечпегиле. Баарын түз багыттай турган, Маданият министрлиги, силерсиңер, мониторинг кылыңыздар", — деди өкмөт башчы.
Минкаб төрагасы көп жакшы иштер жасалып жатканын айтып, аларды көмүскөдө калтырбай көрсөтүш керектигин белгилеп, бул Маданият министрлигинин милдети экенин кошумчалаган.
"Пилди да алып киришмек". Акылбек Жапаров тойлордогу жоруктарды сындады