28-февралга карата аба ырайы

28-февралда өлкөнүн көпчүлүк аймагында туман түшүп, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү Ош, Баткен облустарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Республиканын калган региондорунда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде -2...3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 1...6, Ысык-Көл чөлкөмүндө -1...4, Нарын аймагында -3...2 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте 0...2, ал эми Ош шаарында 2...4 градуска чейин жетет.
Бишкектеги үч конушта суу өчүрүлөт