Бишкекте изделип жаткан үч бир тууган Ысык-Көлдөн табылды

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкекте эки күндөн бери изделип жаткан үч бир тууган Ысык-Көлдөн табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Милициянын маалыматына караганда, балдар аман-эсен. Буга чейин милиция 12 жаштагы эгиз балдар жана алардын 15 жаштагы эжеси изделип жатканын кабарлаган. Алар 24-февралда Бишкекте Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткан эле.
Балыкчыда жука тоңгон музда ойноп сууга түшүп кеткен балдар куткарылды