Жалал-Абадда аялды зордуктоого аракет кылган учур видеого түшүп калган

Окуядан кийин аял жабыркаганын айтып ооруканага кайрылып, айдоочуга карата арыз жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жалал-Абадда аялды зордуктоого аракет кылып, кийин сүзүп качып кеткен айдоочу кармалганын облустун жол милициясынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 23-февралда болжол менен саат 01:30дар чамасында белгисиз адам 35 жаштагы К.А. аттуу аялды үйүнө жеткирип келип, унаадан түшөрдө зордуктоого аракет кылган.
ЖКККББ жарыялаган видеодон көрүнүп тургандай, аял автоунаадан качып чыккандан кийин артынан барып эки жолу сүзүп, андан соң из жашырып кеткен.
"Окуядан кийин аял жабыркаганын айтып ооруканага кайрылып, айдоочуга карата арыз жазган. Арыздын негизинде Жалал-Абад ОЖКККББнын издөө бөлүмү текшерүү иштерин жүргүзүп, шектелип жаткан айдоочуну кармашкан", — деп жазылат маалыматта.
Шектүүнүн автоунаасы айып короого токтотулуп, айдоочу тергөө кызматына жеткирилгени кошумчаланды.
Бишкекте 59 жаштагы эркек киши эки өспүрүмдү сүзүп кетти. Видео