Бишкекте эки күндөн бери үч бир тууган изделүүдө

Милиция изделип жаткан балдарды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкекте үч бир тууган изделип жатканын Ленин РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 24-февралда милицияга Б.А. аттуу жаран кайрылып, 15 жаштагы кызы Раяна Марукова жана 12 жаштагы эгиз уулдары Мусабек жана Исабек Маруковдор ошол күнү Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.
Милиция изделип жаткан балдарды көргөндөр болсо 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 номерлеринин бирине же 102ге кабарлап коюуну өтүндү.
Раянанын белгилери: бою 165 сантиметр, арык чырай, чачы күрөң, кара куртка, кара топу кийип жүргөн.
Мусабек Маруковдун белгилери: бою 130 сантиметр, арык чырай, чачы кара, көк куртка (кызыл өңдөрү бар), боз топу кийип жүргөн.
Исабек Маруковдун белгилери: бою 130 сантиметр, көк куртка (жашыл өңдөрү бар), көк топу кийип кеткен.
Ысык-Көлдө топоз кайтарып жүрүп өзүн атып алган киши аман калды