Кыргызстан айыл чарба продукциясын 60тай өлкөгө экспорттойт, бирок көлөм аз

Төрөбаев айыл чарба продукцияларын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо саясатын кескин өзгөртүү каралып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстан айыл чарба продукцияларын 60тан ашык өлкөгө экспорттоодо, ага карабай көлөмү аз болууда. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Агродиалог" республикалык форумунда билдирди.
"Өлкөдө айыл чарба продукциясын экспорттоо жылына 38-40 миллиард сомдун тегерегинде ишке ашырылып, дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөлөрүнө чыгарылып жатат. Ошондой болсо да айыл чарба продукциясын кайра иштетүү көлөмү республикада өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 4 гана пайызын, ал эми агроазыктарын экспорттоо көлөмү өлкөнүн жалпы экспортунун 13 пайызын гана түзөт. Бул көрсөткүчтөр өтө төмөн жана биздин суроо-талабыбызга жооп бербейт. Мындан улам айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспорттоо саясатын кескин өзгөртүүнү карап жатабыз. Аны ишке ашыруу үчүн 100 долбоор тандалып, азыр алардын бизнес-пландары иштелип жатат", — деген Төрөбаев.
Министр кыргызстандыктарды бул долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.
Бакыт Төрөбаев "Агродиалог" форумунун башкы максатын атады