40 миң медикти маалыматтык система аркылуу кызмат көрсөтүүгө өткөрүү максатталууда. Бул тууралуу Чыңгыз Бексултанов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда 23 миң медик маалыматтык система аркылуу иштеп, өткөн жылга салыштырмалуу төрт эсеге көбөйгөн.
"Учурда "Түндүк" тиркемесинде жарандардын медициналык санариптик профили түзүлгөн. Анда авторизация болгондор эмдөө, анализдердин жыйынтыгы, катталган поликлиникасы, деги эле өзү тууралуу медициналык маалыматтарды алса болот. Ошондой эле ал жактан ата-энелерге балдарынын медициналык маалыматтарын көрүү мүмкүндүгү бар. 2023-жылдын баш жагында маалыматтык системада алты миңдей адис иштесе, учурда алардын саны 25 миңден ашып, төрт эсеге өстү. Учурда медициналык тейлөө жаатындагы 40 миңге чукул медикти киргизүү максатталууда. Өз кезегинде бул медициналык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн аракеттерди көрүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, тиркемеде бейтаптардын амбулатордук картасы ачылды. Ага лабораториялык, инструменталдык болуп жалпы 600дөн ашык изилдөөнүн жыйынтыгы киргизилет. Ошондой эле бейтаптар онлайн-кезекке жазылып, бюллетенди электрондук түрдө ачууга мүмкүндүк түзүлдү. Бул коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга жол ачат. Мурда өткөн күн менен бюллетень ачылган учурлар боло турган. Азыр бул система аркылуу жокко чыгарылды. Ошондой эле майыптыкты тастыктоо процедурасы жеңилдетилди. Буга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жыл сайын комиссиядан өтүүгө мажбур болушкан", — деди Бексултанов.
Ошондой эле ал электрондук багыттама берүүгө мүмкүндүк түзгөн стационардык карта киргизилип жатканын кошумчалады.