Кыргызстан чекене сооданын өсүшү боюнча ЕАЭБдеги лидер өлкөлөрдүн бири

Өсүш интеграциялык бирикменин бардык өлкөлөрүндө байкалган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өткөн жылы ЕАЭБдеги чекене товар жүгүртүү 2022-жылга салыштырмалуу 6,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.
Чекене товар жүгүртүүнүн өсүшү боюнча маалымат:
Армения — 14,2 пайыз;
Кыргызстан — 11,5;
Беларусь — 8,5;
Казакстан — 7,7;
Россия — 6,4.
Кыргызстанда тигилген курткаларды кайсы өлкөлөр сатып алат? Статистика