Бишкекте тестиер кызды тебелеп кеткен фуранын айдоочусу эки айга камалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бишкекте 10 жаштагы кызды тебелеп кеткен фуранын айдоочусу эки айга камалды. Бул тууралуу Жол кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сот айдоочуну тергөө абагына эки айга киргизүү боюнча чечим кабыл алган.
Эске салсак, жүрөк үшүн алган окуя 22-февралда болгон. Анда тестиер кыз токтоп турган фуранын алдынан өтүп бара жатканда жүк ташуучу автоунаа ордунан жылып, кызды тебелеп кеткен. Тилекке каршы, окуучу кырсык болгон жерде үзүлгөн. 27 жаштагы айдоочу бир нече сааттан кийин Пригородное айылынан кармалган. Милициянын маалыматында, ал кызды байкабай калганын айткан.
Бишкекте 59 жаштагы эркек киши эки өспүрүмдү сүзүп кетти. Видео