Радио

"Бир айыл — бир продукт" улуттук долбоорун кеңейтүү иши жүрүүдө

Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын башкы адиси Жайнагүл Акылбекова "Бир айыл — бир продукт" долбоорун ишке ашыруу максатында түзүлгөн бренд комитеттери түзүлүп, өлкөнүн жети облусунда иштер жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
2023-жылдын 20-февралында президент Садыр Жапаров "Бир айыл — бир продукт" улуттук экономикалык долбоору жөнүндөгү" жарлыкка кол коюп, ал жергиликтүү ресурстардан сапаттуу продукция өндүрүү, аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Бул тууралуу Жайнагүл Акылбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында өндүрүлгөн продуктуларды саткан дүкөндөр Бишкек, Каракол, Ош шаарларында иштеп жатат, эми башка аймактарда да ачуу каралууда.
"Бир айыл — бир продукт" долбоору Кыргызстанда 2007-жылдан тарта иштеп жатат. Максаты — жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө көңүл буруу менен долбоор аркылуу чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтуу. 2023-жылдын 20-февралында президент Садыр Жапаров "Бир айыл — бир продукт" улуттук экономикалык долбоору жөнүндөгү" жарлыкка кол койгон. Ага байланыштуу долбоордун масштабын кеңейтүү үчүн каржылоо механизмдери иштелип чыгып, атайын бренд комитеттер иш жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө республика аймагында Бишкек, Ош, Каракол шаарларында дүкөндөр ачылып элге кызмат көрсөтүүдө. Айылдарда өзгөчө таза азыктарды өндүрүү, экологиялык таза буюмдарды жасоо жолго коюлган", — деди Акылбекова.
Ошондой эле адис "Бир айыл — бир продукт" долбоору аркылуу каржылоону жакшыртып, экспорттук потенциалды өстүрүү, кеңейтүү боюнча бардык мамлекеттик органдар иштеп жатканын кошумчалады.