Боррель: Батыштын үстөмдүк кылган доору бүттү

Анын пикиринде, Украина кризиси жана Жакынкы Чыгышта күчөп бараткан кырдаал Европанын абалын солгундатты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Европа биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррель дүйнөдөгү чыңалган геосаясий абал жана Европанын глобалдык түштүк өлкөлөрү менен мамилесин айтып жатып, акыры Батыштын үстөмдүк кылган доору аяктаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Учурдагы глобалдык геосаясий тиреш "Батыш башкаларга каршы" багытында өнүгө берсе Европанын келечеги бүдөмүк болуп калышы мүмкүн. Батыш үстөмдүгүнүн доору чындап эле бүттү. Бул теориялык жактан түшүнүктүү болсо да, реалдуулуктан жыйынтык чыгара алган жокпуз", — деген дипломат.

Анын пикиринде, Украина кризиси жана Жакынкы Чыгышта күчөп бараткан кырдаал Европанын абалын солгундатты.
"Глобалдык түштүк бизди кош стандарттуулукка айыптап жатат", — деди Боррель.
Ал буга сөз менен гана эмес, иш менен да каршы турууга чакырды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Politico: Батыштын Россия боюнча эч ким күтпөгөн планы бар