БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 2024-жылдагы ажылык сапардын баасы 3 750 доллар болгондугун Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.
Төлөмдөр 27-февралдан 4-мартка чейин жүргүзүлөт
"Ажылыкка барууга 2000 доллар төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 27-февралдан 4-мартка (4-мартты кошо эсептегенде) чейинки убакыт аралыгында "РСК банктын" иштөө убактысы бүткөнгө чейин калган 1 750 (миң жети жүз элүү) долларды төлөшү керек", — деп билдирди муфтияттан.
Былтыр ажылык сапардын баасы 3 900 доллар болгон. 2024-жылдагы ажылыкка Кыргызстандан бара турган зыяратчыларга 6 060 орун бөлүнгөн.