Кыргызстандыктар бий боюнча жарышта Австрияда биринчи орунду ээледи

Иш-чарага 30дан ашык өлкөдөн келген 55 жуп катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Австрияда өткөн спорттук жана бал бийи боюнча эл аралык жарышта кыргызстандыктар биринчи орунду ээлеп, алтын медаль тагынышты. Бул туурасында КРдин Спорттук бий боюнча федерациясынан кабарлашты.
WDSF Open taken place in Vösendorf/Vienna – Austria деп аталган иш-чарага Болгария, Чехия, Франция, Германия, Эстония, Венгрия, Молдова жана Азия мамлекеттеринен (30дан ашык өлкө) 55 жуп катышкан.
Жарышта КРдин Спорттук бий боюнча федерациясынын бийчилери жаштардын латын бийи категориясында бийчи-спортчулар Вырлеев Владимир менен Прошлецова Мария биринчи орунду камсыз кылган.
Март айында Кыргыз драма театрында кандай спектаклдер коюлат? Репертуар