БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 27-февраль, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -2...+3, Талас, Нарын аймактарында -3...+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +2...+7, Ысык-Көл облусунда -1...+4 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте +1...+3, Ош шаарында +5...+7 градус жылуу болору болжолдонду.