Кыргызстанда соцтармак колдонгондор, интернетсиз жашагандар канча. Сандар

Порталдын маалыматтарына караганда, Кыргызстанда бир жылда интернетти колдонгондордун саны 83 миңге өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Быйылкы жылдын башындагы маалыматтарда Кыргызстанда интернетти колдонгондордун саны 5,41 миллион адамга жеткенин DataReportal билдирген.
Өлкө ичинде интернеттин жайылуусу 79,8 пайызды түзгөн. Учурда Кыргызстанда социалдык тармактын 2,95 миллион колдонуучусу бар.
Ал эми республика калкынын 20 пайызга жакыны интернетсиз жашаары DataReportal тараткан маалыматта айтылган.
Порталдын маалыматтарына караганда, Кыргызстанда бир жылда интернетти пайдалангандардын саны 83 миңге (+1,6 пайызга) өскөн.
Кыргызстанда TikTok кызматын чектөө чечими кабыл алынды