Көөнө Сөз

Манасчы "адеми" деген сөздү чечмелеп берди

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
Sputnik
Айрым учурда маанисин билбей колдонуп жүргөн сөздөр кездешет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, көбүнчө бул жагдай адам ысымдарына тиешелүү.
"Адатта "адеми" деген сөз адамга ысым катары ыйгарылып келет. Ошол эле учурда анын маани-маңызын билбегендер дагы кездешүүсү ыктымал. Ошондон улам баалуу, сулуу, кооз, көркөм дегенди түшүндүргөн бул сөз кыздарга ат катары коюлат. Ааламдын демин, көркүн, сулуулугун алып жүрсүн деген ниетте дагы Адеми деген ат ыйгарылат", — деди Талантбеков.
Ошондой эле ал адеми деп “Манаста” аялзатын сыпаттаганда колдонуларын кошумчалады.