Бишкекте хоккей боюнча чемпионаттын 3-дивизиондук таймашында 6 команда ойнойт

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында (3А дивизиону) Бишкек шаарында алты команда ойнойт.
Биринчилик "Бишкек аренасында" 10-16-мартта өтмөкчү. Кыргызстандын курама командасы экинчи дивизионго чыгуу үчүн таймашат. Атаандаштар — Мексиканын, Түштүк Африка Республикасынын, Люксембургдун, Түркмөнстандын жана Таиланддын командалары.
Кыргызстандык хоккейчилердин беттеше турган күндөрү:
Кыргызстан — Таиланд, 10-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Люксембург, 11-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Түркмөнстан, 13-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Мексика, 14-март, саат 20:00;
Кыргызстан — Түштүк Африка Республикасы, 16-март, саат 20:00.
Билеттерди kassir.kg. порталынан сатып алууга болот.
Өкмөт быйыл Кыргызстанда өтө турган эл аралык мелдештердин тизмесин жарыялады