Беларуста депутаттарды шайлоо өнөктүгү өтүп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бүгүн Беларуста бирдиктүү добуш берүү күнү экенин Sputnik Беларусь жазды.
Өлкө жарандары Улуттук жыйындын Эл өкүлдөр палатасына – 110, жергиликтүү кеңештерге 12 514 депутатты шайлашат.
Талапкерлерди каттоо 30-январда соңуна чыккан. Өлкөдө 5 411 шайлоо участкасы ачылган.
Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 294 чет элдик эл аралык байкоочуну, анын ичинде Кыргызстандын өкүлдөрүн аккредитациялаган.
Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиевди куттуктады