БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Арменияны эч ким Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан кууган жок. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко билдирди.
Ал армян премьер-министри Николь Пашиняндын Ереван ЖККУга мүчөлүгүн токтото турганы боюнча айткан кебин кадимкидей эле кабыл алганын белгиледи.
"Муну Казанда президенттер менен талкуулаганбыз. Биз эч кимди уюмдан кубалаган жокпуз, тескерисинче, ар дайым колдоп келебиз. Арменияны мындан ары дагы союздаш катары колдойбуз. Мүчө болгулары келбесе ЖККУ урап калбайт. Эң башкысы, биз Армения ЖККУдан чыга тургандыгы боюнча эч кандай расмий билдирүү алган эмеспиз”, — деди Лукашенко.
Ал ошондой эле Армениянын өкмөт башчысы өлкөнү ЖККУдан чыгаруу боюнча чечимди жалгыз өзү кабыл ала албай турганын, буга парламент ыйгарым укуктуу экенин кошумчалады.
“Менимче, Армениянын парламентинин басымдуу бөлүгү акыл-эстүү адамдар”, — деди Беларусь президенти.