Александр Лукашенко кийинки президенттик шайлоого катышарын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Беларустун мамлекет башчысы Александр Лукашенко 2025-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирди. Бул туурасында Sputnik Беларусь агенттиги жазды.
Эл өкүлдөр палатасынын депутаттарын шайлоого келген Лукашенкодон журналисттер кийинки мөөнөткө барар-барбасын сураган.
“Барам, барам, барам. Тигилерге (оппозиция — ред.) айтып койгула, мен бармын. Кырдаал канчалык оорлогон сайын, алар коомчулукта ошончолук ызы-чуу кыла башташат”, — деди президент.
Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышары белгилүү болду