Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Шойгу: РФ армиясында жасалма интеллект менен башкарылчу пилотсуз учактар болот

Учкучсуз аппараттарды колдонуу боюнча атайын бөлүм түзүлгөнү жана анын кайсы багыттарда иш алып барары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россиялык күчтөргө жасалма интеллектинин технологиясы менен башкарыла турган пилотсуз учактарды берүү пландалып жатат. Бул туурасында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирген.
Министр мындай ыкма дрондордун ишинин майнабын арттырарын айтты.
"Бул чечимге келдик жана ал олуттуу куралга айланып бара жатат", — деди Шойгу.
Борбордук аскердик округдун командачысы Андрей Мордвичев учкучсуз аппараттарды колдонуу боюнча атайын бөлүм түзүлгөнүн билдирди. Анда чалгындаган жана чабуул койгон эки багыт бар экенин айтты.
Коргоо министри тиешелүү адистерге радиоэлектрондук каражаттарга каршы күрөш жаатында иш алып барган топту күчтөндүрүү тапшырмасын да койгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу Россия армиясы 2023-жылдагы башкы милдетин аткарганын айтты