Кытайлык компания Нарында электр станцияларын курууга ниеттенүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кытайлык компания Нарындын эки районунда шамал жана күндүн табы менен иштеген электр станцияларын курууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Тиешелүү документке энергетика министри Таалайбек Ибраев менен NBTC Limited компаниясынын башкы директору Цай Чжифан кол койгон.
Электр станциялары Нарындын Жумгал жана Кочкор райондорунун Кызарт жана Семиз-Бел участокторуна салынарын айтышты.
Кыргызстан менен "Росатом" энергетикадагы мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүүдө