Кыргызстандыктардын кирешеси былтыр канчага өскөнү белгилүү болду

Калктын адам башына эсептелген кирешеси айына 9 425 сомду түзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Былтыркы, 2023-жылдын, тогуз айында калктын реалдуу акчалай кирешеси өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди.
Мекеменин маалыматында, өткөн жылдын январь-сентябрь айларында калктын реалдуу акчалай кирешесинин көлөмү 515,8 млрд. сомду түзүп, мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга көбөйгөн.
Калктын адам башына эсептелген кирешеси (милдеттүү төлөмдөрдөн кийин) айына 9 425 сомду түзгөнү айтылат.
Кыргызстандын чет өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 30%га көбөйдү