"Кыргызстанда 130 миӊ гектардан ашык кунарсыз жайыт бар. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, анын ичинде Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаменти такырайып кеткен 10 миң гектар жайытты 2023-жылы калыбына келтирүү боюнча пландалган иштерди толук аткарды. Кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында Россиядан 99,5 тонна үрөн сатып алынып, айыл өкмөт, жайыт комитеттерине таратып берилген. Техника бара албаган жайыттарга тиешелүү адистер жайыт чөптүн үрөнүн кол менен себишти. Бул иштер былтыр күзүндө жасалды. Быйыл жаз алды менен ал жерлерге мониторинг жүргүзүп, жыйынтыгына ошондо баа бере алабыз. Ал эми президент тарабынан 2024-жылы ошол 10 миӊ гектар аянтты беш эсе көбөйтүү тапшырмасы коюлган. Быйыл кунарсыз жайыттарды жакшыртуу максатында 207 тонна жайыт чөптүн үрөнүн себүү планы коюлду. Мамлекеттик сатып алуулар порталына 22 530 гектар жайытка жете турган үрөн сатып алуу үчүн сынак жарыяланды. Сунушталган баа 60,6 миллион сомду түзөт. Ага катышууну каалагандар үрөндүн алты түрүн алып келип бериши шарт. Жалпысынан 2024-жылы 50 миӊ гектар кунарсыз жерге үрөн себүү пландалууда", — деди Каландаров.