Бишкек менен Оштон Өзбекстанга учак каттамдары көбөйтүлдү

TEZ JET авиакомпаниясы каттамдарды RJ-85 жана MD-83 аба кемелери менен аткармакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев.— Sputnik. Кыргызстандын TEZ JET авиакомпаниясы Өзбекстандан аба каттамдарын үзгүлтүксүз жүргүзүүгө уруксат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Жарандык авиация кызматы билдирди.
Уруксат эки мамлекеттин ортосундагы аба каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде берилгени айтылат.
TEZ JET авиакомпаниясы каттамдарды RJ-85 жана MD-83 аба кемелери менен аткармакчы.
Рейстердин багыты:
Ош — Ташкент — Ош;
Бишкек — Ташкент — Бишкек.
Qatar Airways "Манас" аэропорту менен иштешүүгө кызыкдарлыгын билдирди