АКШ Кыргызстандык компанияны санкция тизмесине киргизди

Компанияга Россиянын согуштук-өнөр жай комплексин колдогон деген кине коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандык компания АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине кирип калды.
Министрликтин Чет өлкөлүк активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын маалыматы боюнча, Бишкекте катталган "Укон" ЖЧКсы (UCON COMPANY) “экинчи ирет салынган сакциялар” категориясына илинген.
Компанияга Россиянын согуштук-өнөр жай комплексин колдогон деген кине коюлган. Кыргызстандын Юстиция министрлигинин маалыматында, ЖЧК адистештирилбеген дүң соода менен алектенет, чет элдик байланыштары бар. 2022-жылы катталган.
Буга чейин Токмок шаарында катталган компанияга санкция киргизилгени тууралуу маалымат чыккан.
Россияга санкция салуу менен ЕБдин канча акча жоготкону айтылды