БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Конгресстеги Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Мэтт Гаетц АКШнын Бириккен Улуттар Уюмун каржылоону токтотушун жана андан чыгып кетүүнү сунуштады. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Конгрессчи уюмдун штаб-квартирасы Кошмо Штаттардын аймагында жайгашпашы керек деп эсептейт.
"Биздин бюджетте БУУга каражат ноль болушу керек. АКШ Бириккен Улуттар Уюмунан чыгышы, ал эми БУУ Америка аймагынан кетиши шарт", — деген Гаетц.
Анын айтымында, Вашингтон кызматкерлери "израилдиктерге чабуул жасап, аларды өлтүргөн" уюмду каржылабашы керек.
Буга чейин БУУ Израилден алардын палестиналык качкындарга жардам берген агенттигинин айрым кызматкерлери 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын чабуулуна катышты деген тейде маалымат алып, бир катарлары менен келишимдерди токтотуу чечимин чыгарган. Кызматкерлердин саны жана кол салууга канчалык деңгээлде катышканы тууралуу кабарланган эмес.
Бул уюмдун башчысы Филиппе Лаззарини кызматкерлердин күнөөсү далилденсе сотко алып келинерин айткан. Ал арада Финляндия, Улуу Британия, Италия, Австралия, Канада, Германия, Швеция, Япония жана бир катар өлкөлөр уюмду каржылоону токтоторун жарыялашкан.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш агенттиктин ишин токтотууга жол бербөөгө чакырды. ЖМКлардын маалыматына таянсак, каржылоо жаңыланбаса, ал февралдан кийин иштей албай калат. Ал эми Израиль БУУнун палестиналык качкындарга жардам берген агенттигинин жабылышына болгон күчүн жумшаарын расмий түрдө жарыялаган.