Малдын генетикасын жакшыртуу боюнча топ түзүлүп, аны кореялык адис жетектейт

Бул кадамдар жогорку сапаттагы эт-сүт өндүрүүнү көбөйтүүгө, өлкөдө малдын сапатын жакшыртууга жардам берери айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту Корея эл аралык кызматташтык агенттиги менен бодо малдын генетикасын жакшыртуу боюнча атайын топ түзүү чечимин кабыл алып, аны кореялык эксперт Хонг Сон Ко жетектемей болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
1 / 3

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

2 / 3

Анда Кыргызстанда бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруунун потенциалын жогорулатуу боюнча долбоордун жүрүшү, келечеги, ветеринардык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу талкууланды

3 / 3

Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту Корея эл аралык кызматташтык агенттиги менен бодо малдын генетикасын жакшыртуу боюнча атайын топ түзүү чечимин кабыл алып, аны кореялык эксперт Хонг Сон Ко жетектемей болду

Билдирмеге ылайык, топту жетектей турган адистин мал чарбасы жана ветеринарияны генетикалык жактан жакшыртуу тармагында чоң тажрыйбасы бар.
"Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда Кыргызстанда бодо малды генетикалык жактан жакшыртуу жана жасалма уруктандыруунун потенциалын жогорулатуу боюнча долбоордун жүрүшү, келечеги, ветеринардык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатуу талкууланды", — дешти министрликтен.
Бул кадамдар жогорку сапаттагы эт жана сүт өндүрүүнү көбөйтүүгө, ошондой эле өлкөдө малдын сапатын жакшыртууга жардам берерин кошумчалашты.
Январда өлкөдөн экспорттолгон мал импорттон он эсе көп болду