БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. УКМК Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчисинин орун басары К.Р. жана бөлүм башчысы У.Т. кармалганын маалымдады.
Атайын кызмат президенттин тапшырмасы менен фонддун каражатынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүүдө.
"Натыйжада аталган мекемеде акча каражатын негизсиз бөлүү жана максатсыз пайдалануу фактылары аныкталып, бул региондогу экономикалык активдүүлүктүн өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген. Мисалы, Балыкчы шаарында бетон заводун курууга беш жылдык мөөнөткө 6 миллион сом үстөксүз ссуда бөлүнүп, бирок насыя алуучу каражат максатсыз пайдаланылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, негизсиз берилген пайызсыз ссудалардын жалпы көлөмү болжол менен 31,5 миллион сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Анда кошумчалангандай, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган эки адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мекемени текшерүү иштери улантылууда.