Радио

Ыктыярдуу пенсиялык төлөм жүргүзүүнүн жаңы ыкмасы иштелип чыгууда

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева каалоочулар үчүн пенсиялык төлөм жүргүзүүгө ылайыкташкан атайын программа иштелип чыгарын айтты.
Sputnik
Туруктуу кирешеси жок, бирок пенсиялык төлөм жүргүзүп турууну каалагандар үчүн атайын программа иштеп чыгууну министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Социалдык фондго тапшырды. Жакынкы күндөрү механизмдери сунушталат. Бул тууралуу Гүлнура Жуматаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, иштелип чыгуучу жаңы программа учурдагы ыктыярдуу төлөм долбоорунан айырмаланат.
"Электрондук ишкерлик менен алектенип же сезондук иштерде иштегендердин арасында өз ыктыяры менен пенсиялык төгүм жүргүзүп тургусу келген жарандар көп экен. Аларга ылайыкташкан механизмдерди камтыган атайын программа иштелүүдө. Анда, балким, топтомо бөлүгү каралып, жарандар азыр топтомо бөлүктү ипотека алганда, оор операцияларга колдонгондой эле зарыл учурда чыгарып кетсе боло турган механизм сунушталышы мүмкүн. Болбосо кандайдыр бир акцияларга салып, аны өз эрки менен көбөйтүүгө уруксат берилиши ыктымал. Азырынча так кесе кандай болору белгисиз. Бирок өз эрки менен пенсиялык төлөм жүргүзүүнү каалагандар үчүн атайын программа иштелип чыгат", — деди Жуматаева.
Ал аталган программа болушунча ийкемдүү болорун кошумчалады.