Кыргызстандык эркектер канча жашында үйлөнөт? Статистика

Статистика боюнча, өлкөдө биринчи жолу никеге турган эркектер орточо 27,9 жашта болсо, кайрадан үй-бүлө кургандар орточо 34,6 жашта.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандык эркектер 20-29 жашында үй-бүлө курууга басым жасашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды.
Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.
Биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо курагы 27,9 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердики 34,6 жашты түзөт.
Мындан сырткары, Статкомдун маалыматында өлкөдө 2024-жылдын башына карата 3,5 миллион эркек жашай турганы жазылган. Алар калктын 49,5 пайызын түзөт. Республикадагы эркектердин үчтөн экиси айыл жеринде жашаса, ар бир алтынчы эркек Бишкекте турат.
Статком: 17 жашка чейинки кыргызстандык балдардын 40,3%ы жакырчылыкта жашайт