Футбол союзу БАЭде ойногон Автандил Дүйшеевди улуттук командага чакырууда

Түркиянын ЖМКлары анын техникалык чеберчилигин белгилеп, өсүп келе жаткан жылдыз деп баа беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Кыргызстандын футбол союзу БАЭнин "Аль-Вахда" клубунда ойногон 19 жаштагы жарым коргоочу Автандил Дүйшеевди улуттук курама командага чакырууда.
Автандил — Түркиянын "Бешикташ" клубунун бүтүрүүчүсү. Бир нече жыл бою клубдун өспүрүмдөр, андан кийин жаштар курама командаларынын капитаны болгон. Түркиянын ЖМКлары анын техникалык чеберчилигин белгилеп, өсүп келе жаткан жылдыз деп баа берип келишет.
Дүйшеев 2022-жылдан бери Абу-Даби клубунда ойноп келери маалым.
Ташиев футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу менен жолукту