Алысты начар көргөндөргө эмне кылууга болбойт? Офтальмологдун кеңеши

Адис айрымдар операциядан кийин спорттун оор түрү менен машыгууну уланта берсе болот деп жаңылыш ойдо болушарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Алысты начар көргөн адамдар (миопия) абал андан ары курчуп, көздүн торчолорунун ажырымы алыстап кетүүсүнө жол бербеши керек. Бул тууралуу Sputnik радиосуна офтальмолог Ирина Лещенко айтып берди.
"Алысты начар көргөн адамдарда торчолордун ажырымы чоңоюп кеткен көрүнүш абдан көп кездешет. Торчолор – мээнин бир бөлүгүнө кирген нерв булчуңу. Көрүүнү же торчолорду калыбына келтирүү боюнча операциялар жасалганы менен 100 пайыз мурдагыдай абалга кайтпайт. Операциядан кийин торчолордун ажырымы кайра эле пайда болуп калышы да мүмкүн", – деген Лещенко.
Офтальмолог илдетти алдын алуу чараларын тизмектеди.
"Алысты өтө начар көргөн же көрүүсү минус алтыдан өтүп кеткен кишилерге ылдыйды көпкө чейин тиктөөгө, бүлдүркөн, малина өңдүү мөмө-чөмө терүүгө, катуу кыймылдап, дароо эңкейүүгө болбойт. Миопиядан жабыркагандарга спорттун экстремалдык түрү менен машыкканга да тыюу салынат. Себеби мындайда башка кан куюлуп же кан басым көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Ал эми алысты начар көргөн кош бойлуу аялдарга офтальмологдор көп учурда кесарево жолун сунушташат. Анткени төрөт учурунда катуу ыйынганда көздүн торчолорунун ажырымы чоңоюп кетет", – деген Лещенко.
Адис айрымдар операциядан кийин спорттун оор түрү менен машыгууну уланта берсе болот деген жаңылыш ойдо болушарын белгиледи. Айтымында, адамдын минус бешке жеткен көрүүсү калыбына келтирилгени менен торчолордун ажырымы кайра пайда болушу мүмкүн. Буга олуттуу мамиле жасабаса көз бара-бара такыр көрбөй калышы ыктымал.
Радио
Кыргызстанда миопия, глаукома ооруларынан жабыркагандардын саны кескин өстү