Эмгек министринин кармалган орун басары кызматынан бошотулду

Буга чейин УКМК министрликтин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акчаны мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Улан Чаначев эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдалды.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Буга чейин УКМК министрликтин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акчаны мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталганын, Чаначев ошонун алкагында кармалганын билдирген.
Атайын кызмат кошумчалагандай, ведомствонун башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгы аныкталып жатат, жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жоопко тартылмакчы.
УКМК Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун башкаруу дирекциясынын эки адисин кармады