БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкекте бир айдын ичинде 7 каттам (120 кичи автобус) линиядан чыгарылып, алардын ордуна автобус каттамдары кирет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Транспорт департаменти 16-февралдан 19-февралга чейин текшерүү жүргүзүп, анда айрым жеке жана муниципалдык ташуучу компаниялар жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз тейлөө боюнча талапты аткарбаганын аныктаган.
"Айдоочулар график боюнча жумушка чыгышы керек болгон, бирок алар шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып жеке себептери менен каттамга чыккан эмес", — деп жазылат маалыматта.
Мындан улам "Акжолтой", "Ника Плюс", "Спейсталс" жана ЖТБ ишканаларына протоколдор түзүлгөн.
Мэрия Бишкекте коомдук транспорт эми күн сайын текшериле турганын кошумчалады.
"Эртең мененки саат 8:00дөн түнкү 23:00гө чейин Транспорт департаменти тарабынан шаарды айланып текшерүү иштери жүргүзүлөт. Аялдамаларга кызматкерлер бөлүштүрүлүп, алар эл көп чогулган жерлерди аныктап, кырдаалды тез арада чечүү багытында иш алып барышмакчы", — деп жазылат кабарда.