Ташиев футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу менен жолукту

Белгилей кетсек, 19-февралда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол клубунун президенти болуп дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев бүгүн улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен жолукту. Бул тууралуу КФСтин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев менен башкы машыктыруучу улуттук курама команданын 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык оюндарына болгон даярдыгын талкуулашкан.
1 / 2

Кыргыз футбол союзунун президенти Камчыбек Ташиев бүгүн улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен жолукту

2 / 2

Жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев менен башкы машыктыруучу улуттук курама команданын 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык оюндарына болгон даярдыгын талкуулашкан

Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин Кыргыз футбол клубунун президенти болуп дайындалган.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын квалификациялык раундунда ойной баштаары белгилүү болгон. Өткөн жылы команда эки тандоо беттешин өткөргөн, алдыда кеминде төрт оюн бар.
Ташиев: футболдук командага оюнчуларды тандоонун жаңы системасын түзүү керек