БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин айрым беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койду.
Мыйзам былтыр 28-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Кеп эскирүү мөөнөтү мындан ары колдонулбай турган кылмыштын түрлөрү тууралуу болууда.
Тагыраагы, коррупция жана ири өлчөмдө жасалган алдамчылык кылмышынын эскирүү мөөнөтү мыйзамдан алып салынды. Ошондой эле эскирүү мөөнөтү уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун курамында кызматтык абалын пайдалануу менен ишенип берилген ири жана өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ыйгарып алса же коротсо да колдонулбайт.
Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.