Ысык-Көлдө топоз кайтарып жүрүп өзүн атып алган киши аман калды

Милиционерлер кишиге биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам унаасы өтө албаган жер болгондуктан аны үч чакырымдай жерге көтөрүп барышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев.— Sputnik. Ысык-Көлдүн тоолорунда өзүн атып алган киши куткаруучуларга чалып, аман калды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, 19-февралда Көк-Бел өрөөнүндө топоз кайтарып жүргөн 45 жаштагы киши тайгаланып кетип, жанындагы мылтыгы менен кокусунан өзүн атып алган.
1 / 2

Ысык-Көлдүн тоолорунда өзүн атып алган киши куткаруучуларга чалып, аман калды

2 / 2

Билдирмеге караганда, 19-февралда Көк-Бел өрөөнүндө топоз кайтарып жүргөн 45 жаштагы киши тайгаланып кетип, жанындагы мылтыгы менен кокусунан өзүн атып алган

Эсине келери менен 112 номерине чалып, жардамга муктаж экенин айткан соң байланыш үзүлүп калган. Дарыгерлер бул тууралуу милицияга кабарлап, жерине издөө тобу менен ӨКМ куткаруучулары тартылган.
"Эки сааттык издөөдөн кийин милициянын эки кызматкери октон жаракат алган кишини табышкан. Ал кан жоготуп, катуу сууктан улам абалы оорлошуп кеткен. Милиционерлер кишиге биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам унаасы өтө албаган жер болгондуктан аны үч чакырымдай жерге көтөрүп барышкан", — деп жазылат маалыматта.
Жабырлануучу Бөкөнбаев айылынын тургуну экени айтылды. Азыр ооруканада, абалы туруктуу.
Кыргызстан менен Казакстан авиакырсык болгон учурда бири-бирине жардам берет