Кыргызстанда тигилген курткаларды кайсы өлкөлөр сатып алат? Статистика

Аялдардын сырт кийимдеринин экспортунун 96 пайызы ЕАЭБге мүчө болгон Россияга туура келет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. 2023-жылы Кыргызстанда аялдар үчүн тигилген курткаларды Россияга экспорттоо беш эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Анда жалпы экспорттун көлөмү 3 миллион доллардан ашканы жазылган.
Кыргызстанда тигилген аялдардын сырт кийимдерине кардар өлкөлөрдүн арасынан ЕАЭБге мүчө болгон Россия биринчи орунда турат. Ага бардык экспорттун 96 пайызы туура келет.
Экинчи орунда экспорттун үч пайызын алган Кытай турат. Товарлар ошондой эле Чехия, Өзбекстан, Эстония жана Италияга да сатылат.
Кеминде кийим тиккен ишкана РКӨФтүн колдоосу менен товарын ЕАЭБге чыгарууда