Март айында Кыргыз драма театрында кандай спектаклдер коюлат? Репертуар

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры март айындагы репертуарын жарыялады.
Жаздын алгачкы айында Бишкектин тургундары жана коноктору үчүн ар кайсы күндөрү алты спектакль тартууланат.
Спектаклдердин баары 18:30да башталат:
7-март — Шароф Башбеков, "Темир аял" (комедия);
12-март — Жалил Садыков, "Төлгө" (эпикалык драма);
20-21-22-март — Жалил Садыков, "Эр Төштүк" (премьера, кенже эпостун негизиндеги жомок);
26-март — Флорид Буляков, "Бакбергендин балпайган бактысы" (драма);
27-март — Федор Достоевский, "Мармеладовдор" (трагифарс);
28-29-март — Табылды Актанов, "Тагай бий" (премьера, тарыхый драма);
30-март — Жалил Садыков, "Эр Төштүк" (премьера, кенже эпостун негизиндеги жомок).
Көлдүн музыкалык драма театры Бишкек, Ош шаарларын кыдырат. Программасы