Евромайдандын 10 жылдык "майнабы": Украинадан чыгып кеткен эл. Инфографика

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш жергиликтүү элдин көбүн миграцияга түрттү, алар биринчи иретте Россияны көздөй кетишти.
Евромайдандын миграция жаатындагы 10 жылдык кесепети тууралуу Sputnik инфографика жасады.
2014-жылдын 22-февралындагы саясий ири окуя — мамлекеттик төңкөрүш көп нерсени терс жакка өзгөрттү. Чайпалуудан чарчаган карапайым эл сыртты көздөй агылды.
2014-жылдан тарта РФ паспортун жарым миллиондон ашык украиналык алган. 2019-жылы Россия ДЭР, ЛЭРдин тургундарына, ал эми 2020-жылдан баштап бардык украиналыктарга РФ жарандыгын жөнөкөйлөштүргөн ыкмада бере баштады. Бул чаралар берилген паспорттордун 3,6 эсеге, ал эми 2020-жылы 1,3 эсеге кескин көбөйүшүн шарттады.
Европа тарапка багыт алгандар да өстү. 2023-жылдагы маалыматта украиналык качкындар Германияда миллиондон ашык, Польшада 956 миңге чукул экени айтылды. Ал эми иштеп акча табуу үчүн чет өлкөдө миллиондон ашык кишинин жүргөнүн да билдиришти.
Украинадагы Майдандан кийинки 10 жылдык тарыхта калктын саны дээрлик 9 миллион адамга кыскарган, мындай тенденция азыр деле уланууда.
Бул сандар эл аралык уюмдун отчетторунда жазылган.
Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштүн 10 жылы: өлкө улам кичирейип барат