Бишкекте клиникалык ооруканага кошумча корпус салуу пландалууда

Sputnik
БИШКЕК, 22-фев.— Sputnik. Катар өнүктүрүү фонду 9,3 миллион долларга Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кошумча корпус салууну карап жатат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, курулуш долбоору Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев менен Катар өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Халифа бин Жассим Аль-Кувари менен болгон жолугушууда талкууланган.
"Тараптар фонд менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын кошумча имаратын куруу боюнча 9,3 миллион долларлык долбоор боюнча сөз болду", — деп жазылат кабарда.
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында гемодиализ борбору курулат