БИШКЕК, 22-фев — Sputnik. Бишкекте фуранын айдоочусу 10 жаштагы кызды тебелеп кетти. Маалыматты ЖКККББнын басма сөз кызматы тастыктады.
Жол кырсыгы 22-февраль күнү эртең менен Туңгуч кичи районуна жакын жерде болгон. Видеодон көрүнүп тургандай, тестиер кыз токтоп турган фуранын алдынан өтүп бара жатканда жүк ташуучу автоунаа ордунан жылып, кызды тебелеп кеткен. Тилекке каршы, окуучу кырсык болгон жерден үзүлгөн.
27 жаштагы айдоочу бир нече сааттан кийин Пригородное айылынан кармалган. Милициянын маалыматында, ал кызды байкабай калганын айткан.