Нарколог дарыкана баңгилигине берилген баланын кандай өзгөрөрүн айтып берди

Байышева ата-энелер балдардын жүрүм-турумуна көз салып, уулу же кызынын телефон менен сүйлөшкөнүнө көңүл бурушу керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-фев — Sputnik. Нарколог Карина Уразова Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде дарыкана баңгилигине берилип кеткен баланын жүрүм-туруму сөзсүз өзгөрө турганын айтып, белгилерин санап берди.
Нарколог Карина Уразова
"Бала мектепте начар окуп, үйдөн качып калат. Мындан тышкары, анын ой жүгүртүүсү жайлап, эс тутуму начарлайт. Ошондой эле териси кургап, тамак ичпей калат. Кыздардын менструалдык цикли бузулуп, гормоналдык өзгөрүү болот. Чачы, тырмактары түшө баштайт", — деди нарколог.
Байышева ата-энелер балдардын жүрүм-турумуна көз салып, уулу же кызынын телефон менен сүйлөшкөнүнө көңүл бурушу керектигин белгиледи. Эгер балдарынан "меф", "мяу", "аптечка" сыяктуу сөздөрдү угуп калса коңгуроо кагышы керек.
Баланын психотроптук зат колдонуп жатканын кантип билсе болот? Белгилери